Президент Эрдоган Хожалы геноцидинин эстелигине жана Ханкендидеги Жеңиш эстелигине барды
Президент Режеп Тайип Эрдоган Карабахтагы Хожалы геноцидинин эстелигине жана Ханкенди Жеңиш эстелигине барды. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен 8-ноябрдагы Жеңиш күнүн белгилөө үчүн Карабахка келген Эрдоган Алиев менен бирге Шуша чебин кыдырды. Андан кийин ал Хожалы геноцидинин эстелигине барып, гүлчамбар койду.
Эрдоган Хожалы кыргынына арналган музейге барып, расмий адамдардан маалымат алып, эстелик китебине кол койду.
СУНУШТАЛАТ
Программасынын алкагында президент Эрдоган менен Алиев андан кийин Ханкенди Жеңиш эстелигине барышты.
Ал бул жерде гүлчамбар коюп, шейиттерге дуба окуду жана эстелик жөнүндө маалымат алды.






















