Ирландиянын коомдук телерадиокомпаниясы RTÉ жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө сынакка катышуу боюнча позициясы кийинки жылга чейин өзгөрбөй турганын билдирди.
Билдирүүдө: «RTÉ Газада адам өмүрүнүн кыйылышы жана көптөгөн жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан гуманитардык кризис улантып жатканын эске алуу менен, Ирландиянын сынакка катышуусун негиздүү деп эсептебейт», — деп айтылды.
RTE билдирүүдө эл аралык журналисттердин азыр да Газага кирүүсүнө тыюу салынып жатканына тынчсыздануусун баса белгиледи.
Өткөн жылы Ирландия менен бирге бир топ өлкө Израилдин катышуусунан улам Евровидение ыр сынагына катышпоо чечимин чыгарышкан.
2023-жылдан бери Газада геноцид жасап жаткан Израиль 2025-жыл да, 2026-жыл да жарышта жеңүү алдында турган, бирок эки жолу тең экинчи орунду алды.
Евровидение ыр сынагы 1955-жылы биринчи жолу өткөрүлүп, ошондон бери континенттин эң жогорку деңгээлдеги поп-платформасы болду. Сынак швециялык легенда ABBAны дүйнөгө таанытты жана Селин Дион, Клифф Ричард, Оливия Ньютон-Джон сыяктуу ысымдардын атактуу болушуна салым кошту.
Израилдин 2026-жылдагы иш-чарага катышуусуна байланыштуу беш өлкө бойкот жарыялагандан кийин, көрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 35 миллионго азайып, 131 миллионго жетти.
Нидерландия, Исландия, Испания, Ирландия жана Словения 2026-жылдагы сынакка катышкан жок. Испания, Ирландия жана Словения программаны көрсөткөн да жок.
Кийинки жылдагы иш-чара 15-майда Болгариянын Кара деңиз жээгиндеги Бургас шаарында өтөт.

















