Европа Биримдигинин (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Кара деңиздеги чыңалуулардын күчөшүнө көңүл буруп, «Мен Түркия, Румыния жана Болгариянын деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыктын күчөшүн кубаттайм» деп билдирди.
Урсула фон дер Ляйен Румыниянын борбору Бухарестте Румыниянын президенти Никусор Дан менен биргелешкен басма сөз жыйынында сөз сүйлөдү.
ЕБ мүчөлөрүнүн чек араларында болуп жаткан кризистерге жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү керектигин айткан фон дер Ляйен: «Кара деңиздеги акыркы коркунучтуу окуялар мунун маанилүү мисалы болуп саналат», - деди.
Фон дер Ляйен издөө-куткаруу операциялары үчүн Румыния бийлигине кошумча 10 миллион евро каржылоо берилерин жарыялады.
Фон дер Ляйен ошондой эле Кара деңиз Деңиз коопсуздугу борборун ишке киргизүү керектигин айтып, бул идея биринчи жолу 2025-жылдын ортосунда көтөрүлгөнүн эске салды.
«Ошондон бери коопсуздук чөйрөсү баарыбыз күткөндөн алда канча тез начарлады. Ушул контекстте мен Түркия, Румыния жана Болгариянын ортосундагы деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыктын күчөшүн кубаттайм», - деди ал.
Коргонуу жана коопсуздук маселесинде ар бир адам «шашылыштык сезими» менен иш-аракет кылышы керектигин белгилеп, Фон дер Ляйен Кара деңиздеги Деңиз коопсуздугу борбору боюнча ишти тездетип, аны аяктоо үчүн так график түзүп, бул максатта 50 миллион евро атайын каржылоо бөлүп берерин жарыялады.
Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу Фон дер Ляйен: «Украинада ок атышууну токтотуу болбосо, Европанын коопсуздук архитектурасы боюнча маңыздуу талкуулар мүмкүн эмес. Бул талкуулар тиешелүү платформада, айрыкча НАТО боюнча союздаштардын жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин катышуусунда өтүшү керек», - деп билдирди.






















